Пример HTML-страницы

Базарда сатылган нанды кантип тандоо керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын чыгышында — Кара-Суу районунун аймагында наабайканалар жайгашкан. Бул жерде нандын ондой түрүн табууга болот. Андан тышкары буюртма менен тойлорго жана башка майрамдарга нан жасатууга мүмкүн.

Наабайчы Абдумалик Бойдадаев нан адамдын түйшүктүү эмгегинен жаралгандыктан өзгөчө мээрим менен жасоону талап кыларын айтат. Анын нан жасап сатканына бир жарым жылдан ашты. Бир күндө орто эсеп менен 1000ге жакын нан бышырат. Баалары 20 сомдон 100 сомго чейин.

Курамына буудай уну, суу, ачыткы, сүт, кунжут кошулат. Борбордук Азия элдеринде нан тандырда бышырылат.

Наабайчылар даамдуу нан кандай болорун айтып беришти. Эң алгач нандын сырткы түзүлүшү жакшы болуп, табитти ачышы зарыл. Бардык жагы текши, түз болуп, кыйшык жери жок болуусу керек. Үстүңкү бетинин өңү каптал жактарына салыштырмалуу алтын түстө болот. Кара ундан жасалган нандын түсү кочкул күрөң, ал эми ак ундун наны алтын түстө болушу шарт. Сындырганда үбөлөнбөйт, чийки камыр даамданбайт.

Ал эми сапатсыз нан каптал жактары да, үстү да агыш, бозоргон өңдө же асты агыш, үстү кызарып кеткен болот. Үстүңкү бетинде карарып күйүп калган, тешилген жерлери бар экени байкалат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө былтыркы жылы негизги азык-түлүк түрлөрүнүн ичинен эң көп ун жана нан азыктары сатылган. Сатуу үлүшү 26.6%га жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE