Пример HTML-страницы

Баткенде экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн аял кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде социалдык желеден тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы С.К. (аял киши) аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Ирак, Шам ислам мамлекети» диний экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн. Бул факты Баткен ОИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE