Пример HTML-страницы

Баткенде 3 ай ичинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 10 адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын тарабынан 2023-жылдын 3 ай аралыгында чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча 10 факт катталып, кармалган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) белгиленгендей кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Бул багытта милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE