Пример HTML-страницы

Баткен районунда мыкты мугалим аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда «2022-жылдын мугалими» сынагынын райондук туру өттү. Бул тууралуу акимичликтен кабарлашты.

Маалымат караганда, сынактын максаты — алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоо, жылдын мыкты мугалимин аныктоо, мугалимдерде активдүү педагогикалык позицияны калыптандыруу жана мугалимдик иштин баалуулугун даңазалоо. Март айында сынактын мектептик жана аймактык туру өткөрүлгөн. 9 айыл өкмөтүнөн жеңүүчү деп табылган мыктылар райондук турга катышты.

Сынак 2 этап менен өткөрүлүп жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Дөбө орто мектебинин мугалими Бүайша Ураимова 1-даражадагы диплом, түстүү сыналгы менен сыйланып, «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын облустук туруна жолдомо алды.

Ал эми Чек орто мектебинин мугалими Үсөн кызы Акмарал 2-орунду камсыз кылып, 2-даражадагы диплом, микро толкундуу меш утту. 3-орунду Чоң-Талаа орто мектебинин мугалими К.Маккамбаева ээлеп, 3-даражадагы диплом жана чаң соргуч менен сыйланды.

Ал эми бардык катышуучуларга кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн уюштуруучулардын ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.

Ошондой эле, кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан Жалал-Абад эс алуу курортуна эс алууга акысыз жолдомо бериле турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE