Пример HTML-страницы

Балыкчылык мугалим Н.Абдылдаеванын окуучулары менен болгон окуялары

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаарынын 44 жаштагы тургуну Нурланбүбү Абдылдаева 22 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, балдарга билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында жарыкка келгем. 1985-жылдан 1995-жылга чейин Карл Маркс атындагы орто мектебинде окудум. 1996-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика жана электроника факультетине кабыл алынып, 2001-жылы окууну ийгиликтүү яктагам. Ушул эле жылы Балыкчы шаарындагы №5 Кыргызстандын 50 жылдык (азыркы Ч.Айтматов атындагы ) мектебинде физика жана астрономия адистиги боюнча мугалим болуп, эмгек жолумду баштадым. 2001-жылдан бери Ч.Айтматов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жаш муундарды тарбиялап, мугалимдик кесипти аркалап келем. «Илим жана Техника», «Келечек жаратманы», «21-кылымдын интеллектуалдары» сынактарына окуучуларды даярдап, байгелүү орундарды багындырышына шарт түзүп келүүдөмүн. Балдарды тарбиялоодо интерактивдүү, жаңычыл ыкмаларды көбүрөөк колдонууга аракет кылам», — деди ал.

Анын айтымында, жумуш учурунда көптөгөн кызыктуу окуялар болот.

«Мектепте кызыктуу учурлар аябай көп болот. Жаңы жумушка киргенде, чейрекке карата баа коюу үчүн окуучуларга формулаларды жаттагыла дегем. Сабак башталар мурун окуучулар мага байкатпай, досканын четине формулаларды карандаш менен жазып коюшуптур. Карасам, окуучулардын баары эле шыпылдап бат жазып кетишти. «Азаматсыңар, абдан мыкты даярдык көрүп келиптирсиңер» деп коём. Анан сабактын аягында, досканын четине жазылган формулаларды байкап, көңүлүм түшүп калды. Окуучуларга «2 деген баа коём» деп, формулаларды кайра жаттатып, жазгандарын өчүрткөнүм эсимде.

Кечээ жакында эле 9-класстын окуучуларына текшерүү иштерин жаздырттым. Сабакты жалпы жонунан орто билген окуучум бар болчу. Бир аз эле суроого жооп берип, эсептерди чыгара албай коюптур. Анан барактын ичине «Эжеке, чыгара алган жокмун. Кечирип коюңуз, бирок 2 койбоңуз» деп жазып коюптур. Окуп алып аябай күлкүм келди, бирок 2 деген баа койгон жокмун. Жообуна «жакшы окуп, аракет кыл» деп, кызыл калем менен жазып койдум.

Бош убактымда курак курайм, китеп окуйм, ыр жазам. Ата-эне, сүйүү, жаратылыш, балалык жөнүндө ырларды жазып, топтолгон соң ыр жыйнак китепчемди чыгарсам деген ойдомун», — деди ал.

Уулуңду, кыздарыңды таптың эле,

Көтөрүп, эркелетип бактың эле.

Жыргалын көрсөм деп, көксөп самап,

Кыялданып, өмүрдөн эргүү алып.

Ала-Тоодой залкар болуп, бийик элең,

Шоола чачып, нур төгүлгөн жүзүңдөн.

Боорукер, мүнөзү ачык пейили кенен,

Эмгегиң эл баалаган кеп болду,

Эсимде унутулгус иш болду.

Өз колуңдан чырпык тигип, чынар болду,

Эр жетип, уул-кызың тынар болду.

Күпүлдөп, темир ийип колдору.

Талаада таңдан кечке мээнет төгүп.

Даңкка салып, комбайнды башкарып алдыга деп, «Даңк» медалын тагынды.

Нурланбүбү Абдылдаева 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE