Пример HTML-страницы

Балыкчыда акча уурдоого шектелип, 2 эркек киши кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө акча уурдоого шектелип, 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-сентябрь күнү Балыкчы ШИИБге арыз менен Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын 1983-жылы туулган тургуну О. Т. кайрылган. Анда 5-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Балыкчы шаарында жайгашкан «Алтын Сандык» тамактануучу жайынан, өзүнө тиешелүү болгон кара түстөгү кол баштыгын, ичиндеги 300 доллары, 4000 сом акчасы жана өзүнө таандык болгон документтерин белгисиз адамдар уурдап кетишкени жөнүндө билдирген.

Бул факт Балыкчы ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалды. Алар Балыкчы шаарынын тургундары 1973-жылы туулган Ж.Р. жана 1981-жылы туулган Т.К. болуп чыкты.

Кармалган шектүүлөр алгачкы суракта күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты. Далил зат катары тиешелүү акчалар жана документтер алынган.

Шектүүлөр Балыкчы шаардык сотунун чечими менен кылмышка шектүүлөргө баш коргоо чарасы кабыл алынганча Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE