Пример HTML-страницы

Анын уулу тез жардам кызматын чакырган соң, жолдошу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Бостери айылында ур-токмоктон улам аял киши каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-майында Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн Бостери айылынын 1978-жылы туулган тургуну С.Т. (аял киши) денесинен алган жаракаттары менен оор абалда жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Райондук оорукананын реаниматологунун маалыматына ылайык, С.Т. баш мээсине оор жаракат алгандыктан кома абалына түшкөн.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 50 жаштагы Ш.К. — жабырлануучу С.Т.нын жолдошу кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөдө 2022-жылдын 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү Ш.К. мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, аялы эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон.

Эртеси, 10-май күнү саат 06:00дө 2002-жылы туулган уулу Б.Э. үйүнө барып, апасын эс-учун жоготкон абалда таап, медициналык тез жардам кызматын чакырган. Ал эми 11-май күнү жабырлануучу эс-учуна келбестен каза болгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE