Пример HTML-страницы

Анын 1 кг 700 сомго чейин сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендиктер сактаган өрүктөрүн канча сомдон сатууда? Аймактык кабарчы өрүк базарындагы баага кызыгып көрдү.

Баткен шаарындагы өрүк базарда баргектин (алтын күкүрт менен ышталып, данегинен ажыратылган өрүк) 1 кг 500 сомдон 700 сомго чейин сатылууда Ал эми кара өрүктүн (дарыга ышталбаган) баасы 300 сомдон 600 сомго чейин болуп жатат. Компот жасоого ылайыктуу өрүктү 50 сомдон 200 сомго чейин сатып жатышат.

Өткөн жылдагы баа:

2022-жылдын август айында Баткен облусунда кургатылган өрүктүн баасы (баргек) 1000 сомго чейин чыгып жатканы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, өрүк ар бир райондо, айылда климатка жараша ар кандай убакта бышат. Мисалы эң алды Лейлек районунун Арка зонасында. Ал эми эң кеч бышканы Зардалы айылында. Учурда Зардалыда өрүк бышып, дыйкандар кургатып жаткан кези.

Ал эми кургатууга болбогон өрүктү май айында чет жактарга экспорттошот. Бул өрүк облуста тегиз бышпагандыктан, тоолуу айылдагы өрүктөр кеч бышып, экспорт аз көлөмдө болот. Андыктан аны да алтын күкүрт менен ыштап кургатышат. Мында өрүк карарып кетпестен, кызыл болуп кургайт. Мындай кургаган өрүктүн кагы (компот өрүк) 100 сомдон өйдө бааланууда.

Ал эми облуста өрүктүн көпчүлүк сортун баргек (данегинен ажыратылган өрүк) болуучу өрүк түзөт. Аны даярдоо үчүн өрүктү яшиктерге терип, атайын бир жерге тегерете тизип, алтын күкүрттү түтөтүп үстүнөн түтүнгө ыштоо үчүн кленка менен жаап 1 суткага чейин түтөтүп коюшат. Ышталган өрүк түсүн өзгөртөт. Аны күнгө жайып, сыкмага даяр болгонго чейин коюшат. Анын даяр болгонун данегин чыгарганда ширеси чыкпай калганынан билебиз. Даяр болгон өрүктүн данегинен ажыратып, тегеретип баргек жасалат. Баргек күндө кургатылып, 1 жумада даяр болот.

Учурда өрүктү алтын күкүрткө ыштабай туруп данегинен ажыратып, ичине данегин чагып салып даярдаган баргектин баасы жогору болууда. Анткени акыркы учурда органикалык жол менен кургатуу кенен жайылып, баасы да кымбат болууда. Ал эми данегинен ажыратылбай кургатылган кара өрүк 500 сомго чейин сатылууда. Мында өрүк кагылып эле күнгө кургатылып алынат. Аны сабагында кургатып алса да болот.

Былтыр июль айында Баткен облусунун жетекчилиги облуста 2500 тонна ак өрүк экспорттолгонун кабарлаган.

Маалыматка караганда, жалпы облус боюнча 8000 гектарга жакын өрүк бактары бар. Андан быйылкы жылы 2500 тонна ак өрүк сорту экспортко чыккан. Тактап айтканда Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Кара-Булак айыл аймактарындагы түшүм жайында жергиликтүү ишкерлер тарабынан экспортко чыгарылган. Баткен шаарында 1 кг ак өрүк баасы 80 сомдон 230 сомго чейин бааланган. Ал эми Кадамжайда 80-100 сомдон сатылган.

  • Орто эсеп менен жергиликтүү тургундар өрүк сатуудан 200 млн сомдон 575 млн сомго чейин табышы мүмкүн болчу.

Өрүк кактан түшкөн киреше:

Июль айында Баткенде кургатылган өрүктүн 1 килограммы 800 сомго чейин сатылып жаткан.

Маалым болгондой, Баткендин Кара-Бак айылындагы өрүк базарында, быйылкы өрүктүн түшүмү базарга чыккан. Кургатылган өрүктүн кактары (баргек, данеги менен ажыратылган, алтын күкүрт менен ышталган өрүк) 800 сомго чейин сатылып жаткан. Ал эми данеги менен кургатылган кара өрүктөр 550 сомго чейин бааланган. Жергиликтүү ишкерлер өрүктү Бишкек жана Россияга экспортко чыгарып жатышкан.

Баткен районунун акимчилигинен билдиришкендей, район аймагында жалпы 5727 гектар көп жылдык бак бар. Анын ичинен 5090 гектары мөмө берүүчү бак. Бүгүнкү күндө жалпы 3590 гектар өрүк бак бар. Жылына дыйкандар болжолдуу 21540 тонна өрүк алышат. 5385 тонна кургатылган өрүк жыйналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE