Пример HTML-страницы

Анара Түлөбердиева 6-класстагы кыялын орундатып, атасынын ишеничин актады

Акыркы жанылыктар

Turmush1-ноябрь — милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Turmush басылмасы бул тармактагы кызматкерлерди тааныштырганды улантат.

Анара Түлөбердиева 1989-жылы 4-январда Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Билими жогорку, ИИМдин алдындагы Э.Алиев атындагы академияда 2007-2012-жылдары билим алып, аны артыкчылык диплом менен аяктаган. Учурда Ысык-Ата РИИБдин маалыматтык-аналитикалык тобунун улук тескөөчүсү болуп иштейт. Үй-бүлөлүү, 3 уулдун энеси.

Баңгизат, нөөмөттөгү эӊ алгачкы күн

— Жолдошум Жаныбек Төлөнбаев экөөбүз 3 уулду тарбиялап келебиз. Улуусу Жандос 8 жашта, Байаман 6 жашта, ал эми Алан 2 жашта. Ушул жерден дароо эле жолдошум экөөбүз кантип баш кошуп калганыбызды айтып берейин. Жумушка киргенден кийин эӊ алгачкы нөөмөт кезегиме турдум. Түнкү саат 01:00-02:00 чамаларында баңгизат менен кармалган бир кишини алып келип калышты. Практикада жүргөндө баңгизатка байланыштуу иштин тергөөсүнө катышпаптырмын. Ошол себептен мындай учурда эмне кылышты билбей калдым. Чоӊ-чоӊ кишилер келип: «Мына материал чогулттук, мына баңгизат, экспертиза өткөргөнгө билдирме» бер деп калышты. Мен жетекчим менен насаатчыма телефон чала баштадым. Түн бир оокум болгондуктан телефонду эч кимиси алган жок. Анан Жаныбек деген бир жигитке чалдым. Ал дароо телефонун алып, мени уккан соӊ, «эч нерсе кылбай тур, тиги кишини камаба, мен баратам» деп калды. Ошентип ал жардам берип, баңгизат боюнча кандай тергөө иши жүрүш керек экенин көрсөтүп берди. Андан соӊ 2 жыл өтүп, ошол жигитке турмушка чыктым.

Кыялымды орундаттым

— Милиция кызматкери кесибин тандоомо атам түрткү болгон (атамдын аты Жакшылык). Ал киши мени «МВДым» деп эркелетчү. Бир күнү атам менен анын жумушуна бара жатып ИИМдин академиясынын жанынан өтүп калдык. Анда мен 6-класста билим алчумун. Академиянын жанындагы формачан кыздарды көрүп, аябай суктануу менен карадым. Мага ал кыздар ушунчалык сулуу, эрктүү, чечкиндүү көрүндү. Ошондо мен бул жерде окуйм деп өзүмө сөз бердим. Ошол күндөн соӊ милиция кызматкери болорумду кыялданып келдим.

Негизи аял кишиге милиция кызматкери болуу оӊой эмес. Академияга тапшыргандан баштап машыгып, талааларга барып, пияз чогултуп иштечүбүз. Кыздар эмес, жада калса балдар окуудан өз каалоосу менен кетип калышты. Милицияга эрки күчтүү айымдар иштейт деп ишенем.

Ошентип жаштын тилегин берет демекчи, ИИМдин академиясына тапшырып, аны 2012-жылы аяктадым. Андан соӊ, Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү болуп дайындалдым. Тергөөчү болуп 2014-жылга чейин иштедим. Турмушка чыккан соӊ, Маалыматтык-аналитикалык борборуна улук инспектору болуп дайындалдым.

Үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ ийгиликтерге жетишип, бир катар сыйлыктарга татыдым. ИИМдин академиясында окуп жүргөндө «Окууну отличниги» деген, 2-3 даражадагы «Азамат» төш белгилери менен сыйландым.

Эсте калган күн

— 3-курста окуп жүргөнүмдө Алтынай аттуу дос кызым менен Аламүдүн РИИБге барып, практикадан өттүк. Ошондо жол кырсык боюнча маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге барсак, кичинекей баланы унаа сүзүп кетиптир. Байкуш баланын ата-энеси мигрант болуп Россияда эмгектенишет экен. 3 жашар бала чоң апасынын колунда калыптыр. Анын жансыз денесин көрүп, жүрөгүм тилинип ыйлагам. Ошол окуядан кийин үйгө келип, уктап жаткан ата-энемди, эжемди, инимди кучактап алдым. Ошондо биз бул жашоого убактылуу келгенибизди чынында сезгем.

Учурда атамдын ишеничин актаганыма сүйүнөм. Ар бир алган сыйлыгымды, жакшы жасаган ишимди атама атама айтып мактанчумун. Азыр атамдын көзү өтүп кетти. Мен ушундай атанын кызы болгонума сыймыктанам.

Хоббим — кол өнөрчүлүк. Өз колум менен белек жасаганды жакшы көрөм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE