Пример HTML-страницы

Алгач дүкөнчүгө колун сунган Камчыбек азыр Шотландияда 150 миң сом маяна алып иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын 28 жаштагы тургуну Камчыбек Арстанбеков. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык факультетин аяктагам. Учурда Лондондон 700 километр алыста жайгашкан Шотландиянын борбору болгон Эдинбург шаарында эмгектенем. Бул жакка иштегени келип калдык. Алгач соболдомону (анкета) толтуруп, аңгемелешүүдөн онлайн түрүндө өткөм. Кудайдын буйругу экен, визабыз даяр болуп, башка өлкөдө иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азыркы тапта күнөсканада (теплица) кулпунай терип иштеп жатабыз», — деди ал.

Анын айтымында, Эдинбург шаарындагы жашоочулардын маданияты бийик.

«Аба ырайы бир аз суугураак, бат-баттан өзгөрүп турат. Эртең менен күн ачылып тийип турса, түштөн кийин нөшөрлөгөн жамгыр жаап жаткан болот. Жергиликтүү тургундар абдан жөнөкөй жана адамгерчиликтүү келишет. Кандай гана унаа минсе да терезесин ачып, жылуу-жумшак саламдашып өтүшөт. Ошондой эле алардын маданияты жогору болгондуктан жерге таштанды ташташпайт. Ушундан улам алардын жашаган жери абдан таза десек болот. Муну менен катар алар адамды бай же кедей деп экиге бөлбөй, баарына тегиз мамиле жасашат», — деди ал.

Каарманыбыз эсте калган кызыктуу көз ирмемдери менен бөлүштү.

«Жаңы келгенде кызыктуу окуялар көп эле болду. Биз учак менен Лондон шаарындагы «Виктория» деген аэропортко келип кондук. Бекетке келип, Шотландияга баруу үчүн поездге билет алалы десек, калбай калыптыр. Эртең мененки саат 09:00гө гана бар экен. Анан айла жоктон билетти алып, бекеттин ичинде түнөп калууга туура келди. Жарымыбыз бекетте калып, калганыбыз шылтоо менен Лондондун кооз жерлерин аралап, сүрөткө түшүп келгенбиз. Буттарыбыз чарчап, курсагыбыз ачып, бекетке келсек, өзүнүн дүкөндөрү бар экен. Алардын акчасы канча сом экенин билбейбиз же алардын тилинде сүйлөй албайбыз. Айласыздан болгон тыйындарыбызды дүкөн ээсине сунуп, колубузду тосконубуз эч эсимден кетпейт», — деди ал.

Камчыбек Шотландия өлкөсүндө айына канча сом тапса болорун айтты.

«Бул жерде жумуш эрте башталат. Таң атпай саат 03:00дө ойгонобуз да, саат 04:00дө үйдөн чыгып кетебиз. Ошентип жумушубуз саат 05:00дө башталат. Түшкү тамактанууга саат 12:00дө барабыз. Андан соң 1-2 саат эс алсаң болот. Атайын футбол, волейбол ойночу аянтчалары бар. Барып ойносоң болот. Саатына 10.10 фунт төлөп берет, сомго айландырганда 1 миң сом болот. Күнүнө жалпы 8 саат иштеп, 8 миң сом табабыз. Өзүңдүн каалооң менен 14 сааттан ашык иштесең болот. Айына накталай 150 миң сом тапсаң болот», — деди ал.

Ал өзүнүн алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Бош убактымда өз алдымча англис тилин үйрөнөм. Тил билүү зарыл экен. Бул жерде иштеген кыргыздар көп. Бизден сырткары казак, уйгур, молдован, өзбек жана тажиктер бар. Арасында үй-бүлөсү менен келгендер да жок эмес.

Үй-бүлөдө жалпы 6 бир тууганбыз, 3 кыз жана 3 уул. Уулдардан эң кичүүсү менмин. Баары үйлөнүп-жайланган. Өзүм 2019-жылы үйлөнгөм. Келинчегим кесиби боюнча мугалим. Келечекте үй-бүлөм менен бирге дүйнө жүзүн кыдырып чыксам деген максаттарым бар. Анын менен бирге ата-энемди ажыга жөнөтүүнү көздөп жүрөм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE