Пример HTML-страницы

Аламүдүндө аскердик унаа жол кырсыкка кабылды. Онго жакын курсант жабыркаган. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунда ант берүү салтанатына барган аскердик унаа кырсыкка кабылды.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктан ант берген жоокерлердин он чактысы жаракат алган.

Окуя бүгүн, 27-августта «Ата-Бейит» комплексинин аймагында болгону айтылып жатат.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, аскердик унаа бакты сүзүп, жол кырсыгына кабылганын билдирди. Натыйжада айдоочу жана 7 курсант жабыркаган.

«2022-жылы 27-август күнү болжол менен саат 12:40 чамасында Аламүдүн—Арашан—Кой-Таш унаа жолунун 7-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан «МАЗ-5334» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун оң жагына чыгып, бакты сүзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE