Пример HTML-страницы

Алайдагы жаш спортчулар Ноорузга карата түрдүү мелдештерди уюштурушту

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, райондо мекеме, ишкана жетекчилеринин арасында жыл сайын салт болуп калган Нооруз майрамын өткөрүү бул жолу райондогу Нурбек Жусубалиев жетектеген балдар өспүрүмдө спорт мектебинин жамаатына туш келди. Анда мектепте тарбияланып жаткан балдардын таэквондо, грек-рим күрөшү боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жаш спортчу кыздар бийлерди аткарышты. Мекеме, ишкана жетекчилеринен куралган командалар аркан тартыш, кол күрөш жана гиря көтөрүү боюнча күч сынашышты. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Алай райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Нурбек Жусубалиев кезектеги эстафетаны Алай токой чарба башкармасынын жетекчиси Кенжебай Мамыровго тапшырды. Келерки Ноорузду токой чарбасы өткөрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE