Пример HTML-страницы

Алайда милицияда каттоодо турган атуулдар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунда үй-бүлөлүк зомбулук жана балдар тарабынан катталган кылмыштар боюнча милицияда каттоодо турган атуулдар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынан психологдор жана юристтер да келди. Алар аталган атуулдар менен маектешти.

Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын майору Ринат Абдазов майда бейбаштык менен катталган жарандар бар экенин билдирди.

«Жыл башынан бери 6-7 факты катталган. Негизи зордук-зомбулукка спирттик ичимдиктерди ичип алып кабылгандар болот. Аларды каттоого алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Бизде жаш балдарга карата зордук-зомбулук боюнча каттала элек. Майда бейбаштык жана уурулук фактылары катталып жатат. Мектеп ИДНни менен иш алып барып, ата-энелердин көзөмөлүнө өткөрүп беребиз», — дейт жетекчинин орун басары.

Андан сырткары Алай районунун ички иштер бөлүмүндө жетекчилик, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана бөлүм кызматкерлеринин катышуусунда зордук-зомбулук боюнча чогулуш өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE