Пример HTML-страницы

Аксыдагы Авлетим токой чарбасында электр чубалгысы тартылып, камера орнотулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районуна караштуу Авлетим токой чарбасынын Авлетим токой бөлүмүнүн Мечит-Сай участогундагы өткөрмө пункка видеокөзөмөл орнотуу үчүн 2 чакырымдан ашык аралыктан электр чубалгысы тартылып жатат. Бул тууралуу аталган токой чарбанын жетекчиси Келсинбек Шеркулов билдирди.

Анын айтымында, «Санарип аймак» долбооруна ылайык, өткөрмө пунктунун имаратына видеокөзөмөл орнотуу үчүн тиешелүү жумуштар жүрүүдө. Мал жандык жайлоого өткөнгө чейин камера орнотуу ишин аягына чыгат.

«Узак жерден электр жарыгын киргизүүсүнүн негизги максаты мыйзамсыз аңчылыкка, мыйзамсыз токой ресурстарын ташып кетүүгө жол бербөө жана жайыт жерлерине башаламан мал өткөрүүлөрдү жөнгө салуу, бөгөт коюу болуп саналат. Биздеги өткөрмөнүн абалын министрлик да көрө алат. Негизгиси ачык айкындуулук болот. Санариптешүүгө болгон күч аракет болууда. Токой чарбанын өздүк каражатынын эсебинен жасалып жатат», -дейт токой чарба ээси.

Жыл аягына чейин токой чарбанын Итагар токой бөлүмүнө да 3 чакырымдан ашык жерден чубалгы тартылы, камера орнотулат.

Авлетив токой чарбасынын 2 питомник, 2 күнөсканасы бар. Токой чарбада ийне жалбырактуу дарактарды кеңейтүүгө басым жасалып жатат. Быйылкы жылы 10 гектарга жаңгак, 5 гектар жерге мисте көчөттөрү тигилди.

Авлетив токой чарбасынын жалпы аянты 51 миң гектардан ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE