Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Кызыл-Белес айылында 6,5 чакырым сугат суу каналы оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кызыл-Белес айылында 6,5 чакырым узундуктагы сугат каналы оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызыл-Белес айылынын айыл башчысы Соңкөлбек Кайымбек уулунун айтымында, эскилиги жетип, көп жылдардан бери пайдаланылбай турган суу лотогун оңдоо иштерине 350 миң сом кеткен. Каражат БУУнун программасы тарабынан каржыланган.

«Лотоктору оңдоо иштерине 25 адам тартылып, алардын ар бири 14 миң сомдон эмгек акы алышты. Оңдолгон лоток менен айылдын ичиндеги бакчаларга сугат суу жеткирилет. Мындан тышкары, Байжан, Кара-Булуң, Саздын-Башы, Ала-Моюн, Кор-Булак чөлкөмүндөгү 645 гектар аянт жер жана айыл өкмөттүн карамагындагы 80 гектар аянтты түзгөн айыл чарба жерлери суугарылат», — деди С.Кайымбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE