Пример HTML-страницы

Ак-Талаага турналар эми келди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын дыйкандары турналардын эрте келгенин билдиришти.

Баетов айылынын жергиликтүү тургуну айылдын түштүк тарабындагы сугат суу сактагычы тараптан 12 баш турнаны көрүп, аларды видеого тартып калган.

«Учурда дыйкандар айдоо талааларында жүрүшөт. Алар айдоо талааларына көнүп, жем жеген тургандарды көрүшкөн. Турналар мындай кургак жерге жөн конбойт. Бул жакшы көрүнүш. Мурун учуп өткөн турналарды көрүп, жакшылыкка жоруп коюшчу. Сугат иштери, айдап-себүү өнөктүгү башталып жаткан мезгилде турналардын келиши — бизди кубандырбай койбойт», — деди айыл тургуну Шахназар Жанболотов.

Буга чейин Turmush басылмасы март айында Чүй облусуна турналар келгенин жазган.

Турналар — узун шыйрак, өткүн куштардын бир түркүмү. Буларга көп түрлөр кирет: Америка турнасы, таз турна, ак турна, таажылуу турна, тотутурна, ири турна, Канада турнасы, каркыра, кадимки турна, кара турна, жапон турнасы жана башкалар.

Кыргызстанда эки түрү кездешет. Эки түр тең Кызыл китепке киргизилген жана коргоого алынган. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга ар бир турна үчүн 15 миң сомдон айып пул салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE