Пример HTML-страницы

Ак-Суу районунда 3 гектар кара куурай жок кылынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 39 гектар жерде кара куурай бар экендиги аныкталган. Аны жок кылуу иштери кызуу жүрүп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө район аймагында 3 гектар кара куурай жок кылынды.

«Иш-чаранын алкагында Ак-Суу району боюнча 46 миң 185 гектар жер изилденип, 39 гектар жер кара куурайдан жабыркаганы аныкталган. Эң көп жабыркаган жерлер Кереге-Таш айыл аймагында 12 гектар, Челпек айыл аймагында 6 гектар аянтты түзөт. Аны кол менен чаап, өрттөп жок кылып жатабыз», — деди Ак-Суу райондук администрациясынын башкы адиси Адилет Карыпбеков.

Кара куурай — өсүмдүктөрдүн кара куурайлар тукумунун уруусу. Бир жылдык чөп. Жаш кара куурайдын сабагы жумуру, жумшак жана түктүү. Бийиктиги 0,5–4 м, жоондугу 8–30 мм. Өзөк тамырлуу, жалбырагы жазы, түсү көк, жашыл. Шыпыргы сымал топ гүлү негизги жана каптал бутакта жайгашат. Кара куурайдын вегетация мезгили 65–70 күндөн 140–160 күнгө чейин. Уругу топурактын температурасы 8–10°Сде өнүп, 20–25°С температурада жакшы өсөт. Кара куурайдын данында тамак-ашка, техникада пайдаланылуучу 30–35 пайызында май бар. Айрым өлкөлөрдө май, жип алуу үчүн жана медицина колдонушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE