Пример HTML-страницы

Айылдарда сүрөт тартып, чет өлкөгө чейин барып жүргөн Галия Атабаева кызыктары

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 41 жаштагы тургуну Галия Атабаева көп кесипти бир алып жүрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1999-жылы 11-классты аяктап, ошол эле жылы Ишеналы Арабаев атындагы университетинен мекеменин менеджменти адистиги боюнча билим алган.

«Студент кезимде агам жаңы фотоаппарат алып, ал учурда санарип фотоаппарат деген жок учур эле, жаңы жылда жакшы пайда таптык. Жаз мезгили келип, кайра дагы чоң афиша тарттырып келип, Таласка чыга баштадык. Баштапкы бизнестин жолу ачылды. Акем «Адамдар бизнес ачса бир эле адам кылбаш керек. Бизнести 2 адам башташ керек. Биринин убактысы жок болуп калса, экинчиси иштеп, жабык болуп калбаш керек» дечү. Экөөлөп иштесе соода жакшы болот. Тарткан сүрөттөрдү Жамбылга барып фотосалондон чыгарып келчүбүз. Казактардын салондору биздикинен 4-5 жылга алдыга өнүккөн десем жаңылышпайм. Бизде ошол учурда казактарда бар нерселер жок эле. Анан ошентип сүрөттөрдү чыгарып жүрүп, компьютерде отургандар менен 5 жылдай отурдум. Мисалы, 4 күн сүрөткө тартсам, бешинчи күнү эртең менен барам да сүрөттөрдү чыгарып кечинде келем. Агам да сүрөт тартат.

Ошондой күндөрдүн биринде Казакстан менен чек ара жабылып калды. Мен көп убакыт сүрөт тартып жүрүп, Казакстанда салондо иштегендерди карап отуруп, үйрөнүп алган экенмин. Окуучулардын бүтүрүүчүлөрдү виньеткага тартып келип, өзүм жасап көрдүм. 2 күндө 3 класстын виньеткаларын жасап койдум. Ошондо аябай сүйүнүп, Казакстанга барбай эле бул жактан чыгарып баштаганбыз. 3 жыл кыдырып иштегенден кийин, салон ачууну чечкенбиз. Сүрөт тартып жүргөндө ал сезондук гана болгондуктан той тартууну сунуштаган. Агам мага операторлукту үйрөттү», — деди ал.

Макаланын уландысын биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE