Пример HTML-страницы

Айыл турмушу: Баткендик А.Султанова үйүндө гүлдөрдүн түрлөрүн сатып, ишкерлик кылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Айсулуу Султанова 3 жылдан бери үй шартында гүл өстүрүп киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда гүлдүн 50дөн ашык түрүн өстүрүүдө.

«Жашымда гүлгө кызыкчу эмесмин. Күйөөгө тийгенден баштап бөлмө гүлдөрүн өстүрүп баштагам. Акыркы 3 жылдан бери кызыгуум артып, өзүм көбөйтүп, сатыка чыгара баштадым. Алгач тааныштарым, кошуналар сатып алса, азыр борбор калаа Бишкекке чейин буйрутма берип алышкандан бар. Чет өлкөдөн келген гүлдөрдү алдырам. Анан өзүм көбөйтүп сатам. 50 сомдон 2000 сомго чейин бааланат. Тамыр тез чыгара турган гүлдөр 1 жумада даяр болот. Кеч тамыр чыгарса 1 ай дегенде сатыка даяр болот. Негизи гүл эле даяр болсо, кардар көп. Бир жумада 10 миңге чейин саткан учурлар болду», — деди ал.

Таңы гүл менен атып, кечи да гүл менен баткан Айсулуу Султановага кайын журту, жолдошу колдоо көрсөтүп турат.

«Гүл ар кимдин колунда өсө бербейт. Көңүл коюп караш керек. Кайда болсоң да гүлдөрүңдү ойлоп жүрөсүң, алыска чыга албайсың. Ар күнү сугарып карашың керек. Кээде жаңы гүл келсе ал канчалык суу ичет, салкын жерде жакшы өсөбү же күндү каалайбы анализдеп көрөм. Ошого жараша карайм. Менде эң эле өтүмдүү болгон гүл «женское счастье», «мужское счастье» түрлөрү. Даяр болгондо сатылат. Азыр интернет жакшы өнүгүп, баары ошол жактан буйрутма беришет. Онлайн иштеп калдык. Акчаны да онлайн которуп коюшат. Алдыда күнөскана даярдап, дүкөн ачсам дейм. Ушул ишкердигимди кеңейтсем деп ойлойм», — алю.

Айсулуу Султанова 3 уул, 1 кыздын апасы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE