Пример HTML-страницы

Айнура айымдын жашоосун өзгөрткөн 14 жыл мурунку окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаарынын 51 жаштагы тургуну Айнура Курманалиева буту менен түрдүү буюмдарды жасайт. Ал эмнеден улам эки колунан ажыраганын, өзүн колго алууга эмне түрткү болгонун Turmush басылмасына айтып берди.

«Менин жашоом 14 жыл мурун такыр башка нукка бурулду. Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын. Мектепти аяктаган 1990-жылдары жашоо-турмуш жалпы эл ичинде оор болгон. Ошол кезде шарттын жоктугунан улам жогорку окуу жайда билим ала албай калдым. Бирок апам дайым менин эмгекчилдигимди баса белгилеп турчу. Ар кандай жерлерде иштеп, маңдай терим менен акча тапканым жетиштүү эле.

Мени менен чогуу иштеген эже Дубай шаарына иштөөгө чакырып, ал жерде 2 жыл иштедим. Анан документтерди жаңылоо үчүн Кыргызстанга кайтып келип, 3 ай кармалып калдым. Ал учурда да бош отура бербейин деп, Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө жайгашкан кафелердин биринде эмгектенип калдым. Кафе түн ичинде иштечү. Азык-түлүктөрдү уна менен ташып жатып, айдоочу жана дагы бир жумушчу болуп, жол кырсыгына кабылдык.

Мен эшиктен чыгып кетип, ачык турган электр калканчына кирип, колум менен жабышып калыптырмын. Эсиме келгенде эки колум карарып, ийинге чейин күйүп калыптыр. Анан аны дарыгерлер кесүү керектигин айтышты. Ошентип, ошол апааттуу окуядан бери 14 жыл өттү», — деди ал.

Анын айтымында, буюртма канчалык көп болсо, ошончолук алдыга карай умтулууга түрткү болот.

«2 жыл дубалды тиктеп, ыйлап эле жата бердим. Анан өзүмдөн башка мага эч ким жардам бере албастыгын түшүнүп, өзүмду колго алдым. Алгач бутум менен бардыгын жасоо үчүн ой жүгүртүүм менен мээме жаңыртууларды киргиздим. Мээге кирген буйрук аркылуу бут менен да бардык нерсени жасаса болот экен.

Жөлөк пулумду алган сайын керектүү материалдарды алчумун. Биринчи жолу кооз сандыкча, андан кийин себеттерди жасадым. Жаңыл аттуу эже жардам берүү үчүн үйгө келип калып, жасап жаткан буюмдарды көрүп, анан буюртмаларды бере баштады. Бул мени аябай алдыга тартты. Азыр Кудайга шүгүр, көп эле буюртма алам.

Негизи бут менен бардык иштерди жасай алам. Алардын катарында тамак-ашты да. Бирок элдерди жийиркентип албайын деп, анан мусулманчылыкта тамакка буту менен тийбейт дегенге таянып жасабайм. Үйдө бир тууганымдын баласына бардыгын көрсөтүп берем, ал жасайт.

Учурда 84 жаштагы апам, качандыр бир кезде аскерде сабалып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген агам менен чогуу жашайм. Жалгыз кызым турмушка чыгып, үй-бүлөлүү.

Келечекте жасаган буюмдарымды сатып, өзүмө кичинекей үй сатып алууну кыялданам», — деп сөзүн жыйынтыктады Айнура айым.

Айнура Курманалиеванын байланыш номуру: +996 706 223 117

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE