Пример HTML-страницы

43 жашында жаңы өнөрдү өздөштүргөн Нургүл Ибрагимова дагы да өнүгүүнүн үстүндө

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Нургүл Ибрагимова 7 түр сайма сайып, 12 түр курак курап, эмгектери океандын ар жагына чейин сатылууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал 1974-жылы 16-июнда туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын энеси. Декреттик өргүүдө кыргыздын кол өнөрчүлүгүн өздөштүрүп, этно дизайнер болууга жетишкен.

«Кол өнөрчүлүк менен 2017-жылдан бери алектенем. Балдар менен үйдө калган кезде кол өнөрчүлүккө кызыга баштадым. Алгач өзүмдүн балдарыма жана үйгө (жер төшөк, дорожка, туш кийиздер болду) керектүү буюмдарды тиге баштагам. Кыздардын кооздуктарынан брошка, брелокту каттама курак кылып жасагам, үйдөгүлөргө аябай жаккан. Анан шыктанып, издене баштадым», — деди ал.

Кызыгуусунан улам атайын уздардан сабак ала баштаган.

«Мен өзүм кичинекей кезимен эле кол өнөрчүлүккө кызыкчумун. Бирок 40 жаштан кийин бала менен үйдө отуруп калганда, ээриккенден кол өнөрчүлүктү баштайын дедим. Курстарга бара баштадым, биринчи куракты өздөштүрдүм. Чолпон Аламанованын иштерин көрүп, кызыгып мастер-класстарына барып үйрөндүм. Анан дагы терең кызыгып, Гүлмира Кутуевадан сайманын көп түрүн үйрөнүп, кийизге сайма сайдым. Ушундан улам туш кийиз сая баштадым. Кийинчерээк кийиз дүйнөгө барып, Айдай Асангуловадан белдемчи, туш кийизди жыгачка керип сайганды үйрөндүм», — деди ал.

Учурда ал жөрмөмө сайма, чыраш, илме дос, секиртме, көптүрмө, ара тиш, бастырма өңдүү саймалары саят.

«Басма сайманы жакшы көрөм, анткени ал аябай жакшы түшөт. Керме сайма бат сайылып, тез болот. Учурда туш кийиздерге да сайма саям. Анда бир түш кийиз 3-4 ай убакытта бүтөт. Жиптерди, маталарды Бишкек шаарынын базарынан алам. Каракол шаарында атайын дүкөндөр бар, ошол жерде да мага керектүү буюмдар табылат», — деди ал.

Каарманыбыз аны менен катар кыздардын тумарчаларын, сөйкө, колье (моюнга салуу үчүн жипке тизилген асыл мончоктор) жасайт. Алар менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышат. Алардын ичинен облуста өткөн Көчмөндөр оюндарында тумарчаларды көп саткан. Айымдар кооздуктарын ичинен «Бешкемпир» деген кольени америкалык тургунга 3500 сомго саткан.

«Азыркы тапта буюмдарымды дүкөнгө коюп сатабыз. Буйрутма алып жасайм. Баалары 500 сомдон жогору», — деди ал .

Аны менен катар кыздарга белдемчилерди тигет.

«Белдемчилер 8 миң сомдон болсо, корсаждар 2500 миң сом. Белдемчини колго саям жана тигем. Ар бири саймага ар кандай убакыт кетет. Көлөмүнө жараша убакыт талап кылынат», — деди ал.

Келечекте атайын студия ачып, кыз-келиндерди улуттук өнөргө үйрөтсөм деген тилеги бар.

«Дагы деле үйрөнө турган иштер көп. Келечекте этнодизайнер деген статуска татыктуу болуп, өзүмдүн арт студиямды ачкым келет. Буюмдарды чет өлкөгө өткөрүп, жумушсуз отурган айымдарга үйрөткүм келет. Учурда «Жаратман» теле берүүсү аркылуу мастер-класс өткөрөм. Анда каттама курак менен тумарча жасаганды үйрөтүп жатам. Негизи бул тармакты жакшы өздөштүрсөк, канчалаган кыз-келиндерге жумуш орду түзүлөт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE