Пример HTML-страницы

230 катышуучу 5 чакырым аралыкты басып өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОрмон Ниязбек уулунун 230 жылдыгына жана элеттеги айымдардын күнүнө карата аралыкка чуркоо боюнча Кочкор районунун ачык биринчилиги өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган иш-чарага 14 жаштан тартып 73 жашка чейинки 230 катышуучу катышып, 5 чакырым аралыкка чуркашты.

Марафонго Бишкек, Нарын, Балыкчы шаарларынан, чет элдик коноктор жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучулар да келишти.

«Жөө басуу жана чуркоо ден соолукка пайдалуу болгондуктан, аталган марафонго мен да катыштым. Жаштардай чуркай албасам да, 1 саат 10 мүнөттө марага жеттим», — деди жергиликтүү тургун Жумагүл Курманбаева.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр 10 категорияга бөлүнүп, акчалай сыйлыктар жана медалдар менен сыйланышты.

Байге фонду 210 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE