Пример HTML-страницы

20 миң адам пайдаланган Ак-Татыр каналы ашар жолу менен тазаланууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймагын сугат суу менен камсыз кылып турган Ак-Татыр каналы ашар ыкмасы менен тазаланууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, бул аракет жыл сайын жаз алды менен жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жүзөгө ашып келет. Аталган каналдын узундугу 14 чакырымды түзөт. Андан 20 миңден ашуун калк сугат сууга пайдаланып, 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болот. Элдик ашарга Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймагынын тургундары катышты. Адатта жыл сайын апрель айында тазаланып келген Ак-Татыр каналы аба ырайынын жылуу болуп жаткандыгына байланыштуу эрте тазаланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE