Пример HTML-страницы

17 жаштагы Санжар Акжолов туннель казуучу аппарат ойлоп таап, сынакка катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районуна караштуу Козучак айылынын 17 жаштагы тургуну Санжар Акжолов ойлоп табуучулар арасында өткөн республикалык сынакта 3-орунду ээледи. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылдагы мектепте 10-класста окуп жатат.

«Азыркы учурда Талас шаарында ачылган «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалындагы ийримге катышып жатам. Келечекте архитектор болсом деген кыялым бар.

Жакында эле илимий-техникалык олимпиадага катышып, облустук турдан 1-орунду алып, республикалык турдан 3 орунду багындырып келдим. Абдылдаев Улан агай жетектеп барып келди. Олимпиадага 2 мугалим жетектеп алып барды. Талас облусу боюнча 8 окуучу бардык. Анда 4 кичинекей тайпа, 4 чоң тайпадан бардык. Республикалык тур Чолпон-Ата шаарында өттү. Анда туннель казуучу «буровая» установка ойлоп таптык. Облустук турда 1 орунду ээлегендигибиз үчүн республикалык турга катышууга жолдомо берилген. Буга чейин деле көп сынактарга катышып жүрдүм. Былтыр апрель айында «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» деген сынакка катышканбыз.

Республикалык турга катышкандан мурда бул долбоорду кайра оңдоп-түздөп дагы бир жолу жетишпеген жерлерин жасап, боёп чыктык. Бир долбоорду ойлонуп жасап бүткөнгө болжол менен 1 ай убакыт кетти. Бул сынакта баарыбызга окшош тапшырма берилген. Туннель казуучу аппарат ойлоп тапкыла деген тапшырма берилген. Анда биринчи чертеж чийип алдык. Биз жасаган маркетти чыныгы жашоодо жасасак, көп пайдасы тиймек деп ойлойм. Азыркы учурда ушул аппаратты жасасак 2,5 млрд сом акча кетмек.

Негизи долбоорлорду жасап чыгууга биринчи кызыгуу керек болсо, экинчи сөзсүз изденүү керек. Көп окуп, изилдеп анан ортого акылдашып, өзүбүз ойлоп тапкан жерлерди ишке ашат деп далилдеп анан гана жасап көрөбүз. Ойлоп табуучулукка кичине кезимден бери эле кызыкчумун», — деди ал.

Жаш ойлоп табуучу үй-бүлөдө 8 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE