Пример HTML-страницы

Өзгөндөгү түнкү рейдде жашы жете элек 56 бала аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун аймагында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылы 16-январдан 23-январга чейин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жашы жете элек балдардын түнкүсүн кароосуз көчөдө жүрүшүн жана топтошуп мушташуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана квартал комитеттеринин өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө кафе, ресторандар, эс алуучу жайлар, дүкөндөр текшерилип чыкты.

Аталган рейддин жүрүшүндө жалгыз жүргөн жашы жете элек 56 бала аныкталды. Балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 34 баланын ата энесине КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 74-беренесинин (балдардын түнкү убакытта ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөнү) негизинде протокол түзүлдү. Турмуш шарты оор балдарга жана аярлуу топтогу балдарга көмөк көрсөтүү максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш жана каттар жиберилди.

Бул багыттагы иш-чаралар Ош облусунун бардык райондорунда уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE