Пример HTML-страницы

Өзгөндө 2 аял милиционерлердин үстүнөн арызданган. Териштирүү башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн шаарынын эки жашоочусунун арызынын негизинде прокуратура жана Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-августунда Ош облусу жана Ош шаары боюнча кыйноолорду алдын алуу борборуна аталган 2 тургун милиция кызматкерлери орой мамиле жасаганын айтып, арыз менен кайрылган. Учурда текшерүү иши башталды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

9-август күнү Өзгөн районунун мэриясынын «Өзгөн шаарынын Маданият, Манас көчөлөрүндөгү мөмө-жемиш базарын иретке келтирүү үчүн Ленин көчөсүндө жайгашкан «Тулпар» акционердик коомуна караштуу жерге Өзгөн дыйкан базарын ачуу жөнүндөгү» токтомунун талаптарын аткаруу максатында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашкан. Бул учурда Өзгөн шаарынын тургундары — 38 жаштагы И.М. (аял киши) жана 43 жаштагы И.М. (аял киши) майда бейбаштык, коомго терс көрүнүш жасагандыгы үчүн аталган факт Өзгөн РИИБдин маалыматтарды каттоо реестрине 11-август күнү катталып, жактоочунун катышуусунда суракка алынган. Алардын үстүнөн Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык чара көрүү үчүн топтолгон материалдар Өзгөн РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жиберилген.

Аталган материал боюнча протоколдор түзүлүп, түзүлгөн протокол соттук кароого жөнөтүлгөн. Азыркы кезде бул иш сотто каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE