Пример HTML-страницы

Жылына 130га чейин жумуртка тууган куш Ысык-Көлдө эл менен эс алууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖапайы өрдөктөрдүн бүтүндөй бир үйүрү «Рух Ордо» тарыхый-маданий комплексинин маңдайындагы көлгө отурукташып калганын күбөлөр билдиришти.

«Чымчыктарга эч ким тийбейт жана алар адамдардан коркпой калышты. 20 өрдөктөн турган үйүр жайбаракат сууда сүзүп, тамактанып, эс алуучуларды жана пляждагы балыкчыларды сырткы көрүнүшү жана жүрүм-туруму менен кубандырат», — дешти алар.

Аталган өрдөктөр боюнча биолог Ирина Стежко төмөнкүлөргө токтолду.

«Бул өрдөктөр Кыргызстандын бардык аймагында уя салышат. Алар суу өсүмдүктөрү жана омурткасыз жаныбарлар менен азыктанышат. 4 метр тереңдикке чөмүлүшөт, бирок тайыз сууда тамактанууну жакшы көрүшөт. Кыргызстанда жыл бою кездешет жана Ысык-Көлдө көп кыштайт», — деди ал.

Өрдөк — каз сымалдар түркүмүндөгү, эң байыркы сууда сүзүүчү жана учуп жүрүүчү куш. Ал Азия, Европа, Африка, Америка аймактарында кезигүүчү жапайы өрдөктөн тараган. Өрдөктөн алынуучу негизги продукция эт. Ошондой эле анын жүнүнөн жаздык жасалат. Эт, жумуртка берүүчүлөрү анча чоң эмес, элпек кыймылдуу тукумдар. Эт багытындагылары чоңураак келип, денеси тоголок, булчуңдуу болот. Өрдөктүн кайырмасынын салмагы 3,0-4,0 кг, соносунуку 2,5-3,5 кг. Бир жылда 90-130 жумуртка тууйт. Өрдөктүн жумурткасы негизинен балапан чыгаруу үчүн колдонулат. Өтө чыдамкай канаттуу болгондуктан, бардык климатта өстүрүүгө, көбөйтүүгө болот.

Кыргызстанда өрдөккө мергенчилик кылуу спорту кеңири жайылган, бирок бир катар көйгөйлөрү бар. Кыргызстанда өрдөктөрдүн 26 түрү кездешет. Аларга бардык категориядагы мергенчилер аңчылык кыла алышат. Мергенчиликке 2021-жылдын 11-сентябрынан 2021-жылдын 19-декабрына чейин уруксат берилген. Бир мергенчилик сапарында беш өрдөккө чейин кармоого уруксат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE