Пример HTML-страницы

Жыл башынан бери Жалал-Абадда 8 унаа өрттөнүп, 6,5 млн сом зыян келтирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushӨткөн сутка ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында 4 өрт кырсыгы катталса, анын ичинде 2 өрт автоунааларда болгон.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, Аксы районунда «БМВ» үлгүсүндөгү унаа, Жалал-Абад шаарында жүрүп бара жаткан жеринен «Ниссан Серена» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында автоунааларда 8 өрт катталып, келтирилген зыян 6 млн 535 миң сомдон ашты. Мындан тышкары 2 автоунаа жол-транспорт кырсыгына кабылып, куткаруучулар жардам көрсөткөн.

Ал эми 2023-жыл ичинде облус аймагында катталган өрттөрдөн 25 автоунаа жабыркаган.

«Автоунаалардагы өрт кырсыктарын алдын алуу максатында автоунаалардын бардык системаларын дайыма оң абалда кармап, белгиленген ылдамдыкты ашырбай, автоунааларды баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыздоону эскертебиз», — деди адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE