Пример HTML-страницы

Жумгалда жашоочулардын 93%ы каттоого алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал району боюнча каттоодо турган элдин саны​ 51 миң адамдан ашса, турак жайдын саны 7 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жумгал райондук статистика бөлүмүнөн билдиришти.

Жумгал райондук статистика бөлүмүнүн жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Эрлан Мүсүралиевдин айтымында, учурда​ эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүндө катталгандар 93%дан ашты.

«Өлкө боюнча эл каттоо 3-апрелде токтойт. Ал эми алыскы аймактарда каттоонун экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин улантылат. Жумгал району боюнча Миң-Куш айыл эли толук өтө элек жана Кабак айылынын жарымы каттоого тартылган жок. Алар үчүн каттоо апрель айынын жыйырма үчүнөн башталат. Азыр ушул убакка элдин каттоосу 93%ды түздү», — дейт Э.Мүсүралиев.

Чаек айылынын тургуну Айлуна Жумабекова эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүндө иштеп, учурда үймө-үй кыдырып жаткан чагы.​ Ага 80ден ашык кожолук бөлүнгөн. Ал 1989-жылдагы эл каттоодо да каттоочу болуп катышкан.

«Эл каттоо болуп жатат дегенде эле барып калып, катышып калдым. Себеби 1989-жылы студент кезимде да Бишкектеги эл каттоого катышкам. Азыр көп суроо болгону менен кыйынчылык болгон жок. Мага көбүнчө позитивдүү адамдар жолугуп жатты окшойт. 5 көчө тийген, мен азыр барын бүтүп калдым», — дейт ал.

Жумгал районунун аймагындагы эл жана турак жай каттоо өнөктүгүнө жалпы 165 каттоочу жана 19 инструктор ишке тартылган. Каттоочулар буга чейин алдын ала атайын уюштурулган 6 күндүк окуудан өтүшкөн.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай каттоо өнөктүгү үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бул каттоо буга чейинкилерден айырмаланып, электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Өлкө аймагында райондун алыскы, барууга кыйын жана байланышы татаал айылдарында каттоо иши оффлайн форматта жүргүзүлүүдө. Анткени райондун аймагында интернет жакшы тартпаган аймактар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE