Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздөгү Нооруз майрамында кыргыздын улуттук жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунда ар улуттан куралган эл Нооруз майрамын белгилешти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маданий иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл аймактын активи жана жергиликтүү тургундар катышты.

Айыл аймактын жалпы жамааты сүмөлөк кайнатып, азык-түлүк көргөзмөсүн уюштурду. Аны менен катар улуттук каада-салттар аткарылды.

Кыз-келиндер токчулукту чакырган элдик ырларды аткарышты. Ага улай кичинекей бөбөктүн тушоосу кесилип, ак бата берилди. Райондук мекеме-ишканалар тарабынан тамак-аш көргөзмөсү да уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE