Пример HTML-страницы

Жамгырдан кийин көлчүккө айланган Кочкор айылы. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор айылындагы Өмүров менен Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишинде жамгырдан кийин дайыма чоң көлчүк пайда болуп, айыл тургундарына ыңгайсыздык жаратып келет.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Орозбаков көчөсүндө арыктар ар кандай салынып, анысы аз келгенсип, таштандыга толуп калган. Жамгыр жааган күндөрү жөө адамдар басууга мүмкүн эмес. Ушундай эле көрүнүш Исакеев жана башка көчөлөрдө да кездешет.

Кочкор районунда жыйын болгон сайын ушул маселе көтөрүлүп, бирок тийиштүү чара көрүлө элек. Акимдин орун басары Самат Асаналиев төмөнкүлөргө токтолду.

«Өмүров менен Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишинде жамгыр жаагандан кийин ушундай абал болуп жатат. Бул боюнча Кочкор айыл өкмөтү ирригацияларды калыбына келтирүүгө долбоор жазып жатат. Мындан сырткары Орозбаков көчөсү райондун борборундагы негизги көчөлөрдүн бири болгондуктан, жол жээктеринде дүкөн, чач тарач жана башкалар орун алган. Арыктардын жок болуп кетиши мыйзамсыз салынган курулуштардын айынан болуп жатат. Буга чейин эскертүүлөр берилген. Айыл өкмөт дагы ар бир тургунга эскертүүлөрдү берет», — деди ал.

  • Кочкор районунда 67 901 адам жашайт. Райондун быйылкы бюджети 145 млн 290 миң сомду түзөт. Ал эми Кочкор айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджети 39 млн 816 миң 800 сом, 2022-жылдагы бюджети 46 млн 497 миң 800 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE