Пример HTML-страницы

Жалал-абаддык Арстанбек Жээнбеков эмнеге нааразы? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын тургуну Арстанбек Жээнбеков шаар бийлигине нааразычылык билдирди. Ал бүгүн, 26-июлда АКИпресс Жалал-Абадда өткөн маалым жыйында эмнеге нааразы болуп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, 2006-жылы турак жай куруу үчүн жер тилкесин сурап, шаар бийлигине кайрылышкан.

«Ошол кездеги калаа башчы Дүйшөн Мамасалиев союз мезгилинде курулушу башталып, кийинчерээк толук бүтпөй калган шаардын Көк-Арт кичи районундагы Жамашов көчөсүнүн 47 дарегиндеги үйгө алып барган. Каркасы гана тургузулган 3 кабаттан турган үйдү толугу менен өз каражатыбызга бүтүрүп, тепкичтерди орнотуп, газ, канализация, суу түтүктөрүн киргизгенбиз. 2007-жылы аталган үйдө буга чейин Кадыржан Батыровдун жогорку окуу жайында эмгектенген мугалимдер жашап, электр энергиясына 67 миң сом карыз болуп, токту кыркып кеткен экен. Жаңы көчүп барган жашоочулар каражат чогултуп, ал карызды төлөп, кайрадан электр энергиясын тартып киргенбиз.

Каралбай калган, эски үйдүн имаратын өз каражатыбызга куруп алып, 18 жылдан бери ушул жерде жашап келебиз. Бирок былтыркы жылдан бери шаар бийлиги биздин тынчыбызды алып жатат. Себеби бул үй 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун токтому менен шаар бийлигинин балансына өткөн экен. Ошол убакыттан бери биз бул үйлөрдө мыйзамсыз жашап жатканыбыз, а түгүл, «Бул үйлөр мэриянын карамагында, кааласак үйлөрдөн кууп чыгабыз» деген сөздөр да айтылып жатат. Анын баарына көз жумуп келе жатабыз.

52 батирден турган үйдүн алдында балдар ойноочу атайын аянтча жок. Бул маселени көтөрүп, калаа бийлигине кайрылсак, үйдүн алдындагы жерлердин документтери жасалып, сатылып кеткен экен. Мындан улам биз Жалал-Абад шаардык прокуратурасына, шаар мэрине, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана облустук прокуратурага чейин кайрылууга мажбур болдук. Бирок биздин кайрылууларыбыздан эч кандай майнап чыкпай келет.

Кайрылуулардан эч кандай жыйынтык болбогондуктан маалымат жыйын берип жатам. Ушул аптада биз жашап жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры буздурулуп баштады. Жашоочулар чыгып, курулушту ишке ашырып жаткандардан сурасак, алар мэрия менен келишим бар экенин айтып, биз жашап жаткан 3 кабаттуу үйдүн үстүнө дагы 2 кабаттан турган батирлерди курарын айтышты. Биздеги маалыматка таянсак, шаар бийлиги келишимди «Шалимов и Ко» ЖЧК менен түзүп, иш баштаптыр. Учурда үйдүн чатыры толук алынып, курулуш иши жанданды. Техникалык коопсуздук эрежелери да сакталган эмес», — деди ал.

Арстанбек Жээнбеков кошумчалагандай, аталган үйдүн жашоочулары бул көрүнүшкө каршы болуп, шаар бийлигине кайрылган.

«Алардан «Бул үйлөр мэриянын балансында, биз кааласак үйлөрдү сатып, башка жашоочуларды алып келишибиз мүмкүн» деген гана жооп болду. Бирок бул үйдө алды 18 жыл, арты 12 жылдан бери жашап жаткандар бар. Мындан улам биз мэрге да Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 265-беренеси (мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган граждан же юридикалык жак ал мүлккө (ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча) ээлик кылуу укугун алат. Мамлекеттик катталууга тийиш болгон кыймылсыз жана башка мүлккө менчик укугу ал мүлктү сатып алган жакка аны ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу каттоодон өткөргөн учурдан баштап пайда болот) боюнча айттык. Бирок өз билгенин кылып жатат. Мындан улам президентибизге кайрылып, бул ишти тыкыр көзөмөлгө алып берүүнү өтүнөт элек. Аталган турак үйдүн жашоочулары шаар мэри Эрнисбек Ормоковду жолугушууга 5 жолу чакырдык. Бирок калаа башчы бир да жолу келген жок. Бул иш калыс тергелсе жакшы болмок», — деди Жээнбеков.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Шалимов и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Сулайманов Бактыбек. Компания 2015-жылы 25-декабрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Бул маселе боюнча суроого Жалал-Абад шаардык мэриясынын тиешелүү өкүлү жооп берген жок.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад шаарында Кадыржан Батыровдун улутташтырылган объектилеринин катарына кирген соң мэрияга өткөн көп кабаттуу үйдөгү батирлерди тикелей сатуу жобосу кабыл алынганын жазган.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Бөрүкулов көз карандысыз баалоочу тарабынан жалпы 4 батир бааланганын билдирген.

«Жашоочуларга тикелей сатуу боюнча атайын шаардык кеңеш тарабынан жобо кабыл алынган. Ошого туура келген жашоочуларга тикелей сатуу боюнча 13 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Бул комиссиянын протоколун шаардык кеңеш бекитип, бизге токтом чыгарып берет. Андан кийин көз карандысыз баалоочу баалап берген суммага макул болгон жашоочу менен келишим түзүлөт», — деген ал.

Адегенде мындагы 36 батирлүү үйдүн 4 батирине тендер жарыяланып, көз карандысыз баалоочу үйлөрдү 865 миң сомдон 985 миң сомго чейин баалап берген.

«3 бөлмөлүү болгон батир 835 миң сомго бааланган, тургун тыйынга макул болду, келишим түзүү алдында турабыз. Ал эми экөөнүн документтерин дагы толуктоо керек экен. Бирөөсү эсептелген суммага макул болгон жок. Эсептелген тыйынга макул болбогон тургун жашаган батир муниципалдык болуп кала берет. Үйдү жобонун негизинде сатып алгандар 10 жылдык мөөнөт менен эч кандай пайызсыз төлөшөт. Учурда 10 үйдүү эсептөө үчүн тендер жарыяланып, баалоочу тандалды», — деген ал.

Маалым болгондой, 2005-жылы К.Батыровго нааразы болуп чыккандар калаадагы З.Жамашов көчөсүндөгү дубалы тургузулуп, үстү жабылып калган көп кабаттуу үйгө кирип алышкан. Ошол бойдон жашоочулар эшик-терезелерин коюп, оңдоп-түзөшкөн.

Батыровдун объектилери улутташтырылганда көп кабаттуу үй да тизмеге кирген. 2016-жылы Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алышкан.

Көп кабаттуу үй 52 батирден турат. Анын ичинен сот чечими менен документтери мыйзамдаштырылгандары да бар.

Жалал-Абад шаарында 63 муниципалдык (анын 36 батири сөз болуп жаткан үйдө), 11 кызматтык үй бар.

Кадыржан Батыров 1956-жылы 9-мартта Жалал-Абадда туулган. Ал Кыргызстандагы өзбек жамаатынын лидери болгон.

Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE