Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы дарыгерлер таң калычтуу көрүнүшкө күбө болушкан

Акыркы жанылыктар

Turmush66 жаштагы дарыгер Гүлжан Жоробекова Украинада иштеп келген. Ал учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы ооруканада эмгектенип жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы өмүр сакчысы менен маектешти.

Гүлжан Жоробекова 5 баланын апасы жана 15 неберенин чоң эне, тай энеси.

«1957-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында туулгам. 1973-жылы Кочкор-Ата шаарындагы Ломоносов атындагы жатак мектебин аяктап, ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетине тапшырып, аны 1979-жылы аяктагам. Ал арада 1977-жылы турмушка чыгып, жолдошумдун жумушуна байланыштуу жогорку окуу жайды аяктаган жылы Украинанын Закарпатская облусуна караштуу Виноградов шаарына көчүп бардык. Жолдошум аскер адамы болгондуктан ал жакта эмгектенди. Өзүм кесибим боюнча шаардык бейтапканада эмгектенип жүрдүм. Ошол учурда союз мезгили болгондуктанбы, айтор мага жумушка орношуу, ал жактагы кесиптештер менен жумушту жөндөп кетүү кыйынчылык деле туудурган жок. Украин эли абдан меймандос келишет. Алар менен бир тармакта иштөө мага жеңил болду.

1981-жылы жолдошум Ош облусуна ротация болуп келип, мен да Ош шаарындагы №1 бейтапканада эмгектенип калдым. Ал жерде 17 жылдай иштеген соң Ноокен районуна көчүп келип, 1998-жылдан тарта Ноокен райондук бейтапканасында терапевт дарыгер болуп иштеп калдым. Кийинчерээк кошумча билим алып, квалификациямды жогорулатып, кардиолог кесибине да ээ болдум», — дейт ал.

Дарыгердин айтымында, акыркы мезгилде жүрөк кан-тамыр оорулары жашарып бара жатат. Кан басым жогорулап кеткенинен улам көп адамдар инсульт алууда.

«Жакында эле биздин оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө райондун 50 жаштагы тургуну кайрылып, башы ооруп жатканын айтып эле кулап калды. Көрсө, анын кан басымы жогорулап, инфаркт алыптыр. Ак халатчандар чогулуп, аны кардиология бөлүмүнө алып кирдик. Чукул арада эле бейтаптын абалы начарлап, жүрөктүн согуусу акырындап барып, токтоп калды. Биз жүрөккө массаж жасап, колдон келген бардык аракетти көрүп жаттык. Арадан 7-8 мүнөт өткөндөн кийин жүрөктүн иштөөсү кайрадан жанданды. Бейтап кадимкидей өлүп тирилди. Медицина тармагында иштеп жатканыма 44 жыл болсо да, бул аралыкта жүрөктүн мындай узак убакыт сокпой, кайра соккон учуру биринчи ирет болуп жатат. Адатта жүрөк 3-4 мүнөт токтоп, анан кайра иштеп кетчү. Мындай көрүнүшкө жалпы ак халатчандар таң калдык. Азыр бейтаптын абалы жакшы, жакында эле жүрөгүнө «стент» койдуруптур. Улам бейтапканага келген сайын өмүрүн сактап калганыбыз үчүн бизге ыраазычылыгын айтып турат», — деди ал.

  • Стент коюу — бул жүрөктү кан менен камсыз кылуучу кууш же тосулган кан тамырларды ачуу процедурасы. Бул кан тамырлар коронардык артериялар деп аталат.

Дарыгер айрым учурларда бейтаптар ак халатчандардын эмгегин баалабай жатканын белгиледи.

«Ошол эле учурда бейтаптар же алардын жакындары тараптан мээнетиңди тепсеп, ызаланткан учурлар да болбой койбойт. Акыркы учурда кабыл алуу бөлүмүндө бейтапка кароо жүргүзүп жатканда «Кеч тейлейт, карабайт» деп уюлдук телефонго тартып, блогер болгондор көбөйдү. Адам саламаттыгына көз салуу базарда картошка, пияз саткандай жеңил эмес. Кээде ооруп, кыйналып келген бейтапты карап, айрым учурда аппаратка түшүргөнгө туура келет. Андай учурда кезек күтүүгө сабыры жетпеген жарандар өз укугун талашып киришет. Укуктан мурун милдеттерин да билип алса жакшы болмок. Кээде сенсиреп, жакалашканга чейин барышат. Албетте, мындай көрүнүштөр ак халатчандарды кейитпей койбойт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE