Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда жарыкка келген 3 эмге кандай ысымдар ыйгарылды?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда жыл башында төрөлгөн 3 эмге — Мадина, Малика жана Салиха деген ысымдар берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына кыздардын атасы Бекмамат Мамаев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта алар Жалал-Абад шаарындагы инисинин үйүндө убактылуу баш калкалап жатышат.

«Өзүбүз Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Саты айылынан болобуз. Келинчегим Айчүрөк Дүйшөнкул кызы 2023-жылдын 9-январында облустук төрөт үйүндө көз жарып, 3 кыздуу болгонбуз. Аларга Мадина, Малика жана Салиха деген ысымдарды ыйгардык. Төрөт үйүнөн чыгып барганыбызда, айыл өкмөт башчыбыз куттуктап, 10 миң сом акча каражатын берген. Кийинчерээк райондук мамлекеттик админстрациядан жер тилкесин беребиз деп айтышты, бирок андан дайын жок. Өзүмө тиешелүү турак үй жок. Кыздарым жаңы төрөлүп, ары аба ырайы да суук болуп, шарт жок болгондуктан Жалал-Абад шаарында инимдин үйүндө убактылуу жашап жатабыз. Азыр кыздарым бир айлык болуп калды, балдардын кыркы чыкканга чейин кайненем үйгө келип карашып жатат. Кечээ жөлөк пул алуу үчүн доккументтерди тапшыргам, азырынча кабар жок. Себеби, менин да туруктуу иштеген жерим жок, кээде калаадагы маршурттук линияга запастагы айдоочу болуп чыгып, каражат табам», — дейт Бекмамат Мамаев.

31 жаштагы Бекмамат Мамаев менен 30 жаштагы Айчүрөк Дүйшөнкул кызы биргеликте 6 баланы тарбиялап жатышат. Балдардын улуусу 8 жашта, ортончусу 5 жашта жана кичүү уулу 3 жашта, андан кийин түгөйлөр 3 эмдүү болушкан. Алар 9-январь күнү облустук төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишкен. Ымыркайлардын улуусу 2 кг 300 гр, ортончусу 2 кг, кичүүсү 1 кг 870 гр салмакта төрөлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE