Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар эс алуу багына гүл отургузду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тарабынан Спутник кичи районундагы «Нооруз» паркына гүл отургузулду. Алар 5 түрдөгү 300 даана гүл тигишти.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмесинин төрайымы Айжамал Тарыхчиеванын айтымында, шаарды көрккө бөлөө үчүн ар бир адам салым кошушу керек.

«Шаардын өнүгүп-өсүүсүнө ар бирибиз кызыктар болушубуз керек. Биздин мүчөлөр да шаардын көрктүү болуусун каалайт», — дейт ал.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Даанакер» коомдук бирикмеси өткөн жылдан тарта шаар бийлигинин колдоосу менен күнөсканада гүл өстүрүп, аны сатууга чыгарып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE