Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарындагы аллеяга таш таман төшөлүп жатат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндөгү аллеяга таш таман төшөлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан 3 миң чарчы метр таштаман төшөө иши дээрлик аяктап калды.

Аталган көчөдө жалпы узундугу 1,5 чакырым, кеңдиги 2-3,5 метрди түзгөн тротуар да курулуп жатат. Мындан сырткары темир-бетон арык куурларын орнотуу иши да колго алынган.

2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары шаардан «Жалал-Абад» санаториясына чейин вело жол курулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE