Пример HTML-страницы

Жалал-Абад милициясы «Пахир Калла» каймана аттуу Бахадыр Баратовдун видеосун таратты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Бахадыр Баратов уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдобой тургандыгын билдирди. Анын видеосун Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактика иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган «Пахир Калла» каймана аттуу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кургак-Көл айылынын тургуну — 1975-жылы туулган Бахадыр Баратов уюшкан кылмыштуу топтордун идеологиясын колдобой тургандыгын билдирип чыкты.

«Ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип жашоого, эгерде мыйзам бузса, жоопкерчилик тартууга даяр экендигин айтты», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Бахадыр Баратов 2023-жылдын 27-сентябрында АКИпресс-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйынга катышкан.

Ал 90 жашка таяп калган апасына таандык үйдү небереси өзүнө өткөрүп алганын айтып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE