Пример HTML-страницы

Жайылдагы тоо этектеринде кара бүлдүркөндүн түшүмү мол болду. Мөмө канча сомго бааланууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы тоо этектеринде кара бүлдүркөндүн түшүмү мол болду.

Кара бүлдүркөн буга чейин бул аймакта кездешчү эмес. Бирок өткөн кылымдын 90-жылдарында Кыргызстанда кара бүлдүркөн бакчаларда жана тоо этектериндеги дача тилкелеринде өстүрлүп баштаган. Ал учурдан бери мөмө жакшы өсүп, көбөйүп, айрым жерлерде жапайы түрү пайда болду. Жергиликтүү жашоочулар даамдуу жана пайдалуу мөмөнү чогултуп жатышат. Кара бүлдүркөндүн 1 килограммы базарда 160-180 сомго бааланууда.

«Кара бүлдүркөн — жаратылыштагы мультивитаминдик комплекс. Мындан тышкары мөмөдө минералдык заттар (калий, натрий, магний жана башкалар), органикалык кычкылдар бар. Анын жалбырагы С витаминине, минералдарга бай. Медицинада өсүмдүктүн бардык бөлүктөрү колдонулат. Кара бүлдүркөндүн мөмөсү иммунитетти бекемдеп, зат алмашууну, организмдин бардык фукцияларын жакшыртат. Ал мээге жана нерв системасына жакшы таасир берет. Кара бүлдүркөн 30-40 жаштагы аялдарга абдан пайдалуу, ал тынчтандырып, климактердик невроздон сактанууга жардам берет. Аны колдонууга каршы көрсөтмөлөр жок. Күнүнө 400 граммдан ашык жебөө сунушталат», — биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE