Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөн Суусамырга келин болгон Н. Тойгонбаева 20 жылдан бери мектепте иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдөн Чүйдүн эң алыскы Суусамыр өрөөнүнө келин болгон Назгүл Тойгонбаева 20 жылдан бери бала кезинде кыялданган кесибин аркалап келет.

Каарманыбыз 1972-жылы 10-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ала-Баш айылында жарык дүйнөгө келген.

«10 жылдык мектепти ушул Ала-Баш айылынан бүтүргөм. Азыркы учурда Жайыл районундагы Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май айылында жашайм. Менин Суусамырга келин болуп келгениме 31 жыл болду. Ал эми ушул эле айылда С.Карабеков атындагы орто мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп 20 жылдан бери иштейм. Билимим жогорку. Окуу жайды Каракол шаарында 2008-жылы бүтүргөм», — деди ал.

Каарманыбыз бул кесипти бала кезинен тандаганын айтты.

«Мага мугалимдик кесип абдан жакчу. Агартуучулардын баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрү, айтор кийген кийими, көтөргөн сумкасынан бери жакчу. Бул менен кыялым гана болчу. Бүгүн ошол кыялыма жеттим.

Баштагыч класстарды окуткандан кийин көп эле эсте каларлык окуялар болот. Мен окутуп бүтүргөн класстардагы окуучуларымдын баарын жакшы көрөм. Эң кызыгы окуучуларымды өз балдарымдан да жакшы көрүп кетчүмүн. Аны өзүм да билбей калчумун. Экинчи бүтүрүүчүлөрүм өзгөчө болчу. Алар 9 бала, 9 кыз болуп бүтүштү. Алар менен ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөргөндө кыйналчу эмесмин. Баары чыгармачыл балдар болчу. Баарынан кызыгы өткүр сүйлөгөн окуучулар көп эле. Үчүнчү бүтүргөн классымдагы кыздарым тың болчу. Аларга багыт берип койсоң, өздөрү эле дайындап, көркөмдөп жиберишчү. Эң негизи балдар менен иштеген сонун. Кесибим жагат жана мугалим болгонума сыймыктанамын.

Бош убактым деле азыраак, анткени мен коомчулук менен дагы көбүрөөк иш алып барам. Кээде бош убактымда короодогу мал-жан, майда-чүйдө жумуштар менен алек болом. Эки уул, бир кызым жана үч неберем бар. Үйдө ар түрдүү гүлдөрдү өстүргөндү жакшы көрөм», — деди ал.

Каарманыбыз жаӊы келин болуп келгенде Чүйдүн салттарына көнө албай жүргөнүн айтат.

«Көл менен Чүйдүн салттарында айырма бар. Мен жаӊы келин болуп келгенде кайын агаларыма дайыма жүгүнчүмүн. Алар болсо уялып, эч нерсе дебей бурулуп кетишчү. Мен жаман абалда калчумун. Идиш аяктардын атын билбей кыйналчумун. «Ооба» дебей, көлдүктөрчө «ики» деп жооп берсем, «сиз жана жок деп койгонсуз» деп кыжалат кылышчу. Кийин бара-бара көнүп кеттим. Сууктан да кыйналчумун. Азыр мен Суусамырымдан чыккым келбейт.

Жолдошум экөөбүз дос кызым аркылуу таанышканбыз. Дос кызым жолдошумдун бир тууган карындашы. Ал азыр кайын сиӊдим болду да. Ал кайын сиӊдим аркылуу кайын энеме жагып калыптырмын. Ошентип баш кошконбуз», — деди ардактуу мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE