Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү азербайжандар Ноорузду кантип майрамдашат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында ар этностун өкүлдөрү ынтымакта жашап келишет. Алардын арасында Нооруз майрамы төрт жума катары менен майрамдалган Азербайжан элинин майрамдык иш-чарасы менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Азербайжан элинде жыл сайын майрамдын алдында төрт стихия болгон суу, от, шамал жана жерди символдоштурган кыштын төрт шейшембиси (чаршанбе) белгиленет. Майрам шейшемби күнү кечинде башталат. Бул күндөрдүн ар биринде элдин каада-салты, ырлары, оюндары болот.

«Нооруз Азербайжан элинде бир айга созулат. Анда ар жуманын экинчи күнү, чаршанбеде болот. 19-мартта акыркы чаршанбе болду. Ал эми Азербайжанда 20-мартта Новруз майрамы белгиленди. Чаршанбе майрамдары быйыл Орозо айына туш келгендиктен, анча шан-шөкөт кылган жокпуз. Караколдо жашаган Азербайжан эли башка этностун өкүлдөрү сыяктуу 21-мартта жалпы шаардыктар менен бул майрамды белгилейбиз», — дейт «Хазар» коомдук бирикмесинин өкүлү Асиф Талыпов.

Анын айтымында, майрамда башкы символ болгон будай өстүрүлөт.

«Майрамдын башкы символу болгон буудайды быйыл да өстүрдүк. Буудай жашыл болуп жакшы чыкты. Андан улам быйылкы жыл берекенин, токчулук менен молчулуктуктун жылы болсун деп жоорудук. Өстүрүлгөн жашыл буудай дасторкондо орун алды. Негизи бүгүнтөн баштап күн жылып, айдап-себүү башталат», — деп кошумчалады ал.

Азербайжан элинин майрамдык дасторконуна шекербура, пахлава, бадамбура, гогал сыяктуу таттуулар коюлат. Ошондой эле майрамдын негизги тамагы — майрамдык аш берилет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE