Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жолдошу менен бирге каза тапкан башкы санитардык дарыгер Алина Токтоназарованын акыркы күнү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖол кырсыктын кесепетинен Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна дүйнө салды.

Кырсыктын айынан анын 1973-жылы туулган жолдошу да акка моюн сунган.

  • Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 29-март күнү саат 12:00дө Балыкчы шаарында өткөрүлөт.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Алина Токтоназарова 1972-жылы жарыкка келген. Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык дарыгер болуп иштөөдөн баштаган. 2003-жылдан тарта Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган.

2009-жылы Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган.

2013-жылы Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалган.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, жубайлар каза тапканын жазган.

Кечээ, 27-март күнү саат 13:27 чамасында Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында «Джак Рефайн» жана «Даймлер-Крайслер D312» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусундагы жол кырсыгы катталган.

Ысык-Көл райондук ооруканасынын маалыматына караганда, тез жардам кызматына чакыруу саат 13:27де түшкөн. Кырсык орун алган жерге 2 тез жардам унаасы жөнөтүлгөн. Бир бейтап оор абалда ооруканага алып келинген. Ага жандандыруу бөлүмүндө медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Биринчи унаада Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери А.Т. (аял киши) жана жолдошу болгону айтылган.

Дарыгер жолдошу менен кырсык катталган жерде каза тапкан.

Экинчи унаадагы 3 жаран Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган ооруканадан билдиришкендей, анда 1989-жылы туулган тургун (эркек киши) жана анын 2018-жылы туулган уулу болгон.

Абалдары туруктуу оор. Сөөктөрү сынып, баш мээсинде жаракаттар бар. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

Ата жана бала Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургундары экени айтылууда.

Жеринде иш алып барган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя боюнча кийинчерээк маалымат берилерин кабарлашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE