Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-2023 жаңы окуу жылы башталгандыгын эске алып, Ысык-Көлдө жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу облустук жол кырсыктарынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө облустук ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдү жана окуучуларды ташуучу автоунаа мекеме жетекчилеринин жана айдоочуларынын катышуусунда атайын жыйындар уюштурулуп, семинардык кеңешмелер өткөрүлүүдө. Анда айдоочуларга жүргүнчү ташуу учурунда жол эрежелерин так сактоо менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдү ташууда өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасоогу чакырышты.

Автоунаанын эшигин токтогон учурда гана ачуу, жүргүнчүлөр өзгөчө окуучулар автоунаага кирип орундуктарга жайгашкандан кийин автоунааны айдоосу жана автоунаадан түшкөндө артынан өтүүнү жаш жүргүнчүлөргө ар дайым эскертип туруулары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мекеме жетекчилерине айдоочулар арасында мындай алдын алууга багытталган иш-чараларды байма-бай уюштуруп туруулары айтылды.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чара облустун бардык шаар-райондорунда уюштурулуп өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE