Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага башкармалыктын башчысынын орун басары Арсен Самаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев, кызмат жана бөлүм башчылары, ошондой эле кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Башкармалыктын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев өз сөзүндө: «Даңк» мемориалы — бул кызмат учурунда көз жумган кызматкерлердин жаркын элесин урматтоо, эр жүрөктүктүн, мекенчилдиктин жана Ата Мекенге болгон сүйүүнүн символу. Муну эстен чыгарбоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү учурда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин милдети», — деди ал.

Арсен Самаев жарандарды коргоодо кызматтык милдетин так аткаруу менен өз өмүрүн курмандыкка чалган кызматкерлердин каармандыгына терең таазим этти.

«Жыл сайын 15-май күнү бардык ички иштер органдарында курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү катары белгиленип келет. Кыргыз милициясынын алдында коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү тапшырмасы турат.

Кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп, курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүүдөбүз. Алардын ысымы биздин өлкөнүн тарыхында калып, кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жанына жазылды. Алар жарандардын коопсуздугу үчүн, тынчтык үчүн, коомдук тартип үчүн өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, баатырларча курман болушту. Биз аларды эч качан унутпайбыз», — деди ал.

Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин «Даңк» мемориалына гүлчамбарлар коюлуп, курман болгон кызматкерлерге арналып куран окутулду. 1971-жылдан баштап азыркы учурга чейин Ысык-Көл облусунда 22 милиция кызматкери кызмат учурунда каза болушса, анын 7 милиция кызматкерлери куралдуу кылмышкерлердин колдорунан көз жумган.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен 15-май кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү деп жарыяланган. Жыл сайын ушул күнү Ысык-Көл ОИИБде жана анын ар бир шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү аземи өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE