Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эс алууга барган эки достун бири түн ичинде жан берди. Ал 2 ай мурун Россиядан кайтып келген

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы кафелердин биринде 37 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун айылдарынын биринен Каракол шаарына эс алууга барган эки достун бири кайра айылга кайткан жолдо белгисиз себептен каза тапкан.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы аталган факт болгондугун тастыктады.

Маалыматка караганда, 15-июнь күнү саат 02:00 чамасында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда Ак-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунан катуу жаракат алып, ооруканага түшүп, андан кийин каза болуп калганы айтылган.

Учурда окуя кандай болгону аныкталып жатат. Тергөөнүн жүрүшү ачыкталбайт. Аталган иш Ак-Суу РИИБге катталган. Учурда экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Turmush басылмасына маалым болгондой, маркум Россияда иштеп жүрүп, 2 ай мурун кичи мекенине келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE