Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Турат Мусаев бий аркылуу жубайын жана жашоо маңызын тапкандыгын айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Турат Мусаев Ысык-Көл облусунда кошумча билим берүүнүн мыкты педагогу деп табылды. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Мусаев Турат Казыбекович 1997-жылы 12-апрелде жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен чыгармачылыкка жакын болгондуктан музыкалык мектептен хореограф билимин алуудан баштаган. Кийин ушул эле тармакты улантып, Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында театр актёру кесибине ээ болгон. Аны менен катар И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжин бүтүргөн. Чыгармачылык жаатында толук кандуу билимге ээ болууну көздөп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.

«Бийсиз жашоомду элестете албайм. Эң биринчи чоң сахнага да окуучулук күндөрүмдө бий менен чыккам. Бийлеп жатканда баарын унутуп, жаман ойлордон, санаадан арыласың. Канчалык жаман учурга туш болсоң да бийлегенде баары чыгып кетет. Бий адамга жаңы күч жана дем берет», — деди ал

Каарманыбыз бийчилик өнөр менен облустук, республикалык кароо-сынактарды багынтып келген. Учурда өнөрүн балдарга үйрөтүп жатат.

«Мага кичинекей балдар жана кыздар менен иштеген абдан жагат. Алардын жан дили таза. Бөбөктөр менен иштегенде өзүңө өзгөчө энергия топтой аласың. Таза, аруу тилектери, кичинекей колдору менен сен көрсөткөндөй бийлеп жатканы — эң жакшы көрүнүш. Мен 2016-жылы алгачкы жолу бий тобун негиздеп, келечек муунга бий үйрөтүүнү чечкем. Анда жалпы 3 гана кыз болгон. Алар менен кеңешип отуруп, наздуу бийчилер тарбиялансын деп «Назбийке» бий ансамблин түзгөм. Учурда ал жерде 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана кыздарга бий үйрөтөм. Негизи бала кайсы кесиптин ээси болууну кыялданбасын бий аркылуу тарбия берсек болот. Биринчиден, бул — ден соолук. Бийге катышкан балдар, кыздардын ден соолугу чың, сергек болушат. Экинчиден, ар кандай көнүгүүлөрдү, бий кыймылдарын жасап, аларды кайталап жатып, эске тутуу жөндөмдүүлүгү өсөт. Анан эл менен аралашуу, эл арасында өзүн алып жүрүүнү үйрөнөт. Бийди балдарга 5 жашынан баштап үйрөтсө болот. Ал эми бийлөөнү каалагандар кайсы жашта болбосун бий үйрөнүү кеч эмес, башкысы калоо гана керек», — деди ал.

Турат бий аркылуу чет жерлерди да көрүп жатат. Ал Түркия, Казакстан, Сауд Арабия өлкөлөрүндө ар кандай фестивалдарга катышып, байгелүү кайткан. Чыгармачылык аркылуу ал түбөлүк жарын да кезиктирди.

«Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында фестиваль болуп, катышууга бардык. Ошол жерден биринчи жолу жубайымды кезиктирдим. Анан 4 жылдан кийин 2022-жылдын октябрь айында Азиза экөөбүз баш коштук», — деди ал.

Чыгармачылык жашоо кызыктуу экенин айтып, эсте калган окуялары менен да болушту.

«Күрөш бийи деген бий бар. Анда колуңду да бут сыяктуу кылып бийлейсин. Бир жолу бий бүткөндө колду көтөрүп, элди карап калуу керек. Бир жолу бийлеп бүтүп, колду көтөрсөм, элди эмес, сахнаны карап калыпмын. Бийдин кыймылы татаал болгондуктан баш айланып калат.

Күндөрдүн биринде Бишкек шаарына фестивалга жөнөдүк. Жол туман, аба ырайы начар болуп жаткан кез. Калаага жетейин деп калганбыз, бирок эмнегедир жетүү кыйындай баштады. Жолдо май куюучу бекеттеги кызматкерлерден сурасак, Бишкек артта калганын айтышты. Көрсө тумандан байкабай, өтүп кеткен экенбиз. Негизи ар кандай иш-чараларга катышуу, даярдануу, алыска сапар тартып баруу кызыктуу», — деди ал.

Турат Мусаев бий менен катар Каракол шаардык балдар билим берүү борборунда сабак берип, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрында актёр болуп да эмгектенет. Бул аралыкта ал ар кандай ролдорду жаратууга үлгүргөн.

Азыркы тапта дагы бир таланты ачылып, сүрөт тартып, кийизден ар кандай буюмдарды жасап жатканы белгилүү болду.

«Жай мезгили абдан кооз. Жашыл чөптөр, жыты аңкыган гүлдөр, тынымсыз шаркырап аккан тунук суу, кыскасы табият койнунда эс алган жагат. Анан ушул кереметти сүрөт бетине түшүрүүнү көздөп, сүрөт тарта баштадым. Бул да адамдын нервин эс алдырып, жакшы маанай тартуулайт», — дейт ал.

Мындай эмгегинин артында жергиликтүү бийликтин, билим берүү тармагынын ардак грамоталарына татыган. Ошондой эле «Ардактуу мугалим» төш белгисине, «Мыкты мугалим» наамына ээ болгон. Келечекте кыргыз бийчилерин дүйнөлүк фестивалдарга даярдаган мугалим болууну кыялданат.

«Ар бир кыргызстандыкты ийгилик гана коштоп жүрүшүн каалайт элем. Чыгармачыл адамдар көп болсун», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE