Пример HTML-страницы

Ысык-Атада Норус суусу өз нугунан чыгып, тургундардын короосун суу каптаган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районунан өткөн Норус суусу тоңуп, өз деңгээлинен жогорулады. Анын кесепетинен Журналистика-1 дачасындагы турак үйлөрдүн н короосун суу каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу өз нугунан чыгып, Үч-Эмчек айылынын жогору жагында жайгашкан Журналистика-1 дачасында эки жашоочунун короосуна суу кирип, ыңгайсыздык жараткан.

Бул кырдаал боюнча ӨКМдин «112» кызматына 14-январда саат 14:00 чамасында кабар түшүп, абалды жөнгө салуу үчүн Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн беш кызматкери, айыл өкмөтүнүн эки кызматкери жана аталган дачанын жергиликтүү тургундарынан беш киши иш алып барышты. 15-январь күнү саат 17:00дө суунун нугундагы муздар кол менен тазаланып, суу өз нугуна салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE