Пример HTML-страницы

Валентина Шевченко Ысык-Көлдүн жаш спортчулары менен жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында жайгашкан «Көк жал» клубунун спортчулары менен мушкер Валентина Шевченко кезигип, өз тажыйырбасы менен бөлүштү. Бул тууралуу аталган клубдун машыктыруучусу Медер Субанбеков билдирди.

Анын айтымында, «Көк жал» клубунда 50 бала машыгып келет. Балдар дүйнөнү дүңгүрөткөн мушкер айым менен жолугушууну абдан күтүшкөн. Валентина балдарга ийгиликке жетүү сырлары жана дүйнөлүк деңгээлге чыгуудагы спортчунун негизги милдеттерин айтып берди. Жолугушуунун аягында ар бир балага ийгилик каалап, баарынын тагдыры өздөрүнүн колунда экендигин белгиледи.

Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында туулган. Апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси. Андыктан Валентина менен эжеси Антонинаны жөнүндө «алма сабагынан алыс түшкөн жок» деп айтууга болот. Беш жашынан тарта «Фучик» сейил багындагы таэквондо секциясына барып, машыктыруучу Павел Федотовдун колунан тарбиялана баштаган.

Бүгүнкү күндө В.Шевченко жеңил салмак категориясы боюнча UFCнин 7 жолку, тай бокс боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE