Пример HTML-страницы

УКМК бир тууган Матраимовдорго айыптарды тагып, сот аларды камакта калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту Тилек Матраимов, Руслан Матраимов жана Исламбек Матраимовду камакта калтырды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.М.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.Т.И.ге карата [Матраимов Тилек Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 26-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Б.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.Р.И.га карата [Матраимов Руслан Исмаилович] Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулду.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-мартындагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.М.нын өтүнүч каты канааттандырылды.

Айыпталуучу М.И.И.ге [Матраимов Исламбек Исмаилович] карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулду.

***********

Кечээ, 26-мартта Райымбек, Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор Бишкек шаарына алынып келген.

«Р.Матраимов «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болуп, бажыдагы жана мамлекеттик кызматтагы кызматкерлердин уюшкан кылмыштуу топ түзгөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго УКМК издөө жарыялаганы 26-январда маалым болгон. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүмү (мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө катышуу) менен козголгон.

  • Агасы Тилек Матраимов 2024-жылдын февраль айында «Ош газ» ишканасынын башчысынын орун басары кызматынан кеткен.

Аталган ишканадан билдиришкендей, Тилек Матраимов эмгек өргүүгө чыккан боюнча ишке кайткан эмес. Ал бул кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

Бул кызматка келгенге чейин 2012-жылдан тарта Кара-Суу районунун акими болуп иштеген. 2020-жылдын 6-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу өлкөдөн Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракет кылган. Ал Өзбекстандын Андижан облусундагы Кургантепа районунан чек арачылар тарабынан колго түшүп, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген. Тилек Матраимов убактылуу кармоочу тергөө абагына киргизилген. Кийинчерээк анын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Ош шаардык сотунун 22-октябрындагы чечими менен айыптуу деп табылып, 220 миң сом айып салынган.

  • Иниси Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын алдындагы коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын башчысы (ЭКККК, Финпол) болуп иштеген. Ал бул кызматтан 2019-жылдын май айында кеткен.

Журналисттик иликтөөдө чет өлкөгө ири суммада алып чыгарылып кеткен каражаттар жана алардын бир тууган Матраимовдорго тиешелүү экендиги айтылган.

Финансы полициясынан Исламбек Матраимов кызматынан 2019-жылдын 22-майында депутаттын билдирүүсүнө жана материалдын эфирге чыгуусуна бир апта калганда кеткендигин билдиришкен. Анткен менен ал 2019-жылдын февраль-март айында акы төлөбөгөн эмгек өргүүгө кеткен.

Исламбек Матраимов жөнүндө коомчулукка Райымбек Матраимовдун мүлктөрүн текшере баштаганда белгилүү болгон.

  • Матраимовдордун эң кичүү иниси Руслан Матраимов «Исмаил ата» кайрымдуулук фондунун, «ЭРЕМ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору катары көрсөтүлгөн.

Ал 2020-жылдын 9-январында Ош шаардык милицияга «белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашообуздун кол тийбестигин бузуп, коопсуздугубузга шек келтирип жатат» деген мааниде арыз жазгандан кийин коомчулукка таанылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE