Пример HTML-страницы

Turmush: Жети-Өгүз районундагы кадрдык өзгөрүү: Кимдер кызматка дайындалды?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Райондук администрациянын маалыматы боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын Жети-Өгүз району боюнча башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна Мамбетаитов Нурлан Турсуналиевич дайындалды.

Райондук социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы кызмат ордуна Жаанбаева Гүлбара Шаршенбиевна дайындалды.

«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун Жети-Өгүз филиалынын жетекчиси болуп Сапаров Дамирбек Дүйшөнбеков дайындалды.

Жаңы жетекчилерди Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Эрмек Бахавадинов район активине тааныштырды.

Ал эми Бектемирова Жыпаркүл Кутмүдүновна Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE