Пример HTML-страницы

Turmush: Таластан Казакстанга уурдалган 12 жылкы: 2 адам кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта​ Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өтүүгө шектелген адамдар кармалды. ​Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына караган түнү ​ ​ ​ Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын тургундары Б.Аскар уулуна жана И.Жолумбековго тиешелүү болгон 12 жылкы Ак-Жар айылынын түндүк батыш тарабындагы үлүш жерлерден уурдалып, Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылы менен Казакстанды бөлүп туруучу чек ара зымынын №284 чек ара белгисинен Казакстанга өткөрүлүп кеткен. Аталган факты 2023-жылдын 1-январь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен Кара-Буура​ РИИБде катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган. Кылмыштын бетин ачуу максатында милиционерлер Казакстанга барып, атайын жумушчу топ менен ​ ыкчам аракеттерди жүргүзүп келишкен. Анын жыйынтыгында 21-февраль күнү кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар Кара-Буура районунун Кара-Сай айылынын ​1976-жылы туулган тургуну Э. уулу М. ​жана ​Куру-Маймак айылынын ​1983-жылы туулган ​М.А. экендиги аныкталды.

Бүгүнкү күндө алар тергөөдө сурак берип, тийиштүү тергөө амалдары жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE